Мурунку депутаттар кызматтык батирлерин тапшырды

Жазылуу
Жакынкы күндөрү дагы эки экс-депутат кызматтык батирин тапшыруусу керек.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Экс-депутаттар Ашэра Халикова менен Акылбек Султановдор кызматтык батирлерин тапшырды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку Кеңеш билдирди. 

Сейфтеги акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Артыкчылыктан баш тарткан депутаттар. Үнөмдөлгөн каражат кайда?
Маалыматка ылайык, жакынкы күндөрү бешинчи чакырылыштын депутаттары Абдулатип Режавалиев менен Эсенгул Исаковдор да кызматтык батирин бошотуп беришет. 

Эске сала кетсек, КСДП фракциясынан депутат болуп келген Ашэра Халикова өткөн аптада мандатын тапшырган. Ал эми бешинчи чакырылыштын депутаты Акылбек Султанов ошол чакырылыштан бери кызматтык батирде жашап келген. 

Белгилей кетсек, буга чейин кызматтык батирден баш тартуу боюнча мыйзам долбоору парламенттен колдоо таппай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0