Мыйзамсыз ишкерликтен 1 млн. сомдон ашуун пайда көргөн киши кармалды

Жазылуу
Ал уруксат кагазы жок туруп КТП-250кВ жана КТП-160кВ трансформаторлорун орноткон.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп, 1 миллион 318 миң сом пайда көргөн ишкер кармалды. Бул туурасында Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү боюнча кызматтан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каттоодон өткөн жеке ишкер уруксат берүүчү документтери жок туруп КТП-250кВ жана КТП-160кВ трансформаторлорун орнотуп, электр чубалгыларын ташыган. 

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 180-беренеси (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0