Милиция "Пирамида" кызматкеринин сабалышын түшүндүрүп берди

Жазылуу
Буга чейин телеканал кызматкери милиционерлер тарабынан ур-токмокко алынып, тонолгонун жар салган.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Милиция кызматкерлери "Пирамида" каналынын кызматкери Александр Забалуевди сабаган эмес. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат катчысы Олжобай Казабаев билдирди.

Буга чейин аталган телеканал ишемби күнү кызматкерин милиционерлер түнкү клубдун жанынан сабап туруп карактап кетишкенин айткан.

Казабаевдин айтымында, ал күнү Забалуев мас абалында болгон. Милиция аталган жайда бий боюнча иш-чара өтүп жаткандыктан, тартипке көз салып турган.

"Клубдун ичинде мас болуп ар кимге тийишип жатып, бетке жесе керек. Эс алуу жайынын коопсуздук кызматы аны көчөгө чыгарып койду. Ал жерден Кайгуул милициясы документтерди толтуруп жатканда Забалуев карылык көрсөткөн. Андан соң аны үйгө кое берип жиберишкен. Эки сааттан кийин ал Улуттук госпиталга барып, милиционерлер сабап салышканын айткан", — деди Казабаев.

Телеканалдын кызматкери Октябрь РИИБ башчысынын атына 10 милиционердин үстүнөн арыз жазган. 

Учурда ишти ИИМдин өздүк коопсуздук кызмат башкармалыгынын кызматкерлери териштирип жатат. Ал эми Забалуев ооруканада дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0