ӨКМ тапкан өлүк Өзгөн шаарынын 28 жаштагы тургуну болуп чыкты

Жазылуу
Акыркы ирет жоголгондо ата-энеси бир жума өздөрү издеп таппай койгондон кийин милицияга кайрылышкан.

БИШКЕК, 20-июн.— Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Кош-Коргон айылында таштанды жайдын жанынан табылган сөөк издөө салынган 28 жаштагы Ибрагим Мамасалиев аттуу жергиликтүү тургундуку экендиги аныкталды. Бул туурасында ИИМдин Ош шаардык жана облустук башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адамдын чирип кеткен денеси табылганын кабарлаган. 

Маркум мындан жыйырма күн мурда дайынсыз жоголгон. 

"Ал психикалык жактан оорукчан бала экен, буга чейин да бир нече жолу жоголуп, кайра издеп таап турушкандыгы белгилүү болду. Акыркы ирет жоголгондо ата-энеси бир жума өздөрү издеп таппай койгондон кийин, жардам сурап милицияга кайрылышкан. Табылгандан кийин кароо жүргүзүлгөндө ал каза болгондон кийин жыйырма күнгө чукул жатып калганы аныкталды ", — деди Ашырбаев. 

Азырынча бул факты боюнча кылмыш иши козголгон жок. Себеби экспертизанын жыйынтыгын чыга элек. 

"Адам боюнан бийигирээк жар экен. Кыязы учуп кеткен окшойт. Азырынча кылмыш иши козголо элек. Өлүккө алгачкы текшерүү жүргүзүлгөндө маркумдун зордук-зомбулукка кабылганы байкалган жок. Учурда соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат", — деп билдирди маалымат кызматынын жетекчиси. 

Ал мындай жагдай адистерге кыйынчылык жаратаарын, андыктан соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы бир айдан ашык убакытка чейин созулуп кетиши мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0