Раппопорт аллеясы качан жана кантип калыбына келтирилет?

© Фото / Александр ФедоровРаппопорт аллеясы. Архив
Раппопорт аллеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июнь айынан тарта Раппопорт аллеясындагы дарактар кыйыла баштаган. Жалпы 704 терек менен кара жыгач жок кылынмак.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Раппопорт аллеясы калыбына келтирилет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Маалым болгондой, июнь айынан тарта Раппопорт аллеясындагы дарактар кыйыла баштаган. Жалпы 704 терек менен кара жыгач жок кылынмак. Дарактар 50 жылга чейин жашайт, ал эми кыйылган дарактарга 70-80 жыл болуп кеткен. Бактар Тамчы — Корумду жолун кеңейтип оңдоо үчүн кыйылып жатат.

"Кыйылган дарактардын ордуна жолду бойлой жаңы көчөттөр отургузулат. Алар үч катардан тигилип, жалпысынына алты катар болот. Ал эми анын узундугу мурункудай эле беш чакырымды түзөт", — деди Иманалиев.

Көчөттөр жолду оңдоо иштери бүтөөрү менен келерки жылдын жазында отургузула турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0