Министр милиция кызматкерлерин сылык-сыпаа болууга милдеттендирди

Жазылуу
Ички иштер министри кол койгон буйрукта милиция кызматкерлеринин милдеттери тизмектелип жазылган.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "Милиция кызматкерлеринин жарандарга карата сылык-сыпаа мамилеси жөнүндө" буйругуна кол койду. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Туфли кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
ШИИБ: бир апта ичинде Бишкек сойкулардан тазаланат
Ага ылайык, милиционер өзүнүн кызматтык милдеттерин жогорку деңгээлде аткарып, кесипкөйлүгүн жогорулатып турушу керек. Ал эми жетекчи, кесиптеш жана жөнөкөй жарандар менен сүйлөшүүдө калып кабыл алынган эрежелерге баш ийиши зарыл.

Ошондой эле ички иштер органдарынын кызматкерлери сылык, туура жүрүп, чыдамкай, так жана кабыл алган чечимдерин далилдеши керек. Андан сырткары, ал Кыргызстанда жашаган улуттардын салт-санаасына түшүнүү менен мамиле кылып, ички иштер органдарынын башка кызматкерлери мыйзам бузса четте карап турбашы кажет.

Жаңы буйрукка ылайык, милиция кызматкери башка жарандар менен жетекчисинин, кесиптешинин же кол алдындагы кызматкердин аракеттерин жана өзүнүн жасаган иштерин талкуулаганга тыюу салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0