ӨКМ башчысы Боронов суу ташкындар өлкөгө кандай коркунуч алып келерин айтып берди

Жазылуу
Нөшөрлөп жааган жамгырдан жана күндүн ысышынан эриген мөңгүлөрдөн улам дарыялардын деңгээли көтөрүлүп, айрым аймактарда сел жүрүп, кооптуу абалды жаратты.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Учурда чоң сел жүрүп же тоодогу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучу жок экенин Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Боом капчыгайындагы автотрасса. Архив - Sputnik Кыргызстан
Боом капчыгайында таш басып калган жол тазаланды
ӨКМдин маалыматына ылайык, нөшөрлөп жааган жаан жана күндүн ысышынан Тоң районунун тоолорундагы мөңгүлөрдүн эриши айрым бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучун жаратты. Ошондой эле Талас облусундагы дарыялар нугунан чыгып, жерлерди каптаган. Ушундай эле абал Нарын облусунда дагы байкалууда.

Тоо көлдөрүнүн абалы тууралуу айткан Боронов учурда алар өз чегинде болуп жырылып кетүү коркунучу жок экенин жана Бишкектин жогорку жагында жайгашкан Тез-Төр көлү да кооптуулук жаратпай турганын баса белгиледи.

"Учурда бардык көлдөр ӨКМдин адистери тарабынан көзөмөлдөнүүдө. Азыр корко турчу деле жагдай жок", — деди ал.

Боронов дарыядагы суунун деңгээли туруктуу экенин кошумчалап, жаратылыш кырсыгы келтирген чыгым такталып жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0