Мэр Бишкектин жака-белине видеокаттоо камераларын орнотууну сунуштады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүВидеокаттоо камералары. Архив
Видеокаттоо камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү бийлик органдары "Заманбап унаа токтотуу" долбоорун ишке ашырууну ойлонуп жатат. Буга чейин милиция "Коопсуз шаар" долбоору жергиликтүү бийликтин жардамы менен ишке ашарын маалымдаган.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов борбор калаанын чет-жакасында видео жана фото каттоо камераларын орнотуу сунушун айтты. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мэриянын жыйындар залында ИИМ менен жергиликтүү бийлик органдарынын системаны ишке киргизүү боюнча биргеликте алып бара турган иш-чаралары талкууланды. Буга чейин күч түзүмдөрү "Коопсуз шаар" долбоору жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жардамы менен ишке ашарын маалымдаган.

Видеобайкоо камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азамат" базарындагы видеобайкоо бир күндө жол эрежесинин 800 ирет бузулушун каттаган
Аталган долбоор менен тааныштырып жатып, министрлик ар бир аймак каражат таап өз жерине бирден аппараттык-программалык комплекс орнотуп, аны ИИМдин системасына кошууну сунуштады.

Бишкек шаарынын мэриясына "Заманбап унаа токтотуу" пилоттук долбоору үчүн бир тилкени тандап, ал жерге 6 аппараттык-программалык комплекс орнотуу сунуш кылынды.

Албек Ибраимов шаарга кире бериш жерге камераларды орнотуу зарылдыгын калаага бир күндө 100дөн 200 миңге чейин автоунаанын кириши менен түшүндүрдү.

Ал укук коргоо органдарына колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтып, мыйзам бузгандар менен күрөшүү системасынын жакшырышына жардам берерин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0