ЖКда Үркүндүн 100 жылдыгына карата мунапыс берүү демилгеси колдоо тапты

Жазылуу
Мыйзам долбооруна 111 депутат колдосо, үч эл өкүлү каршы чыкты.

БИШКЕК, 16 июн — Sputnik. Жогорку Кеңеште Үркүндүн 100 жана эгемендиктин 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс жарыялоо демилгеси колдоо тапты. 

Мыйзам долбооруна 111 депутат макул, 3 депутат каршы добуш берди. 

Экс-президент Курманбек Бакиев жана Жаныбек Бакиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот Бакиевге мунапыс берүүдөн баш тартып, өмүр бою эркинен ажыратууну күчүндө калтырды
Демилгеге ылайык, 3374 адамга мунапыс жарыяланат. Анын ичинде 11 эрезеге жетелек бала, 10 майып бар. Мындан сырткары, 1267 адам — анчалык оор эмес кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор, 1862 адам — биринчи жолу өтө оор эмес кылмыш жасагандар. 

Аталган мыйзам долбоорун депутаттар Мыктыбек Абдылдаев, Мирлан Жээнчороев, Чолпон Султанбекова, Айбек Алтынбеков, Мирлан Бакировдор демилгелешкен.

Белгилей кетсек, Кыргызстан эгемендик алгандан берки 25 жыл аралыгында 19 мунапыс кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0