ЖМКлар тууралуу мыйзам долбоору күн тартибинен алынды

Жазылуу
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Кожобек Рыспаев бүгүн, 16-июнь күнүн күн тартибине киргизип коюну өтүнүп, ал суранычы колдоо тапкан эле.

БИШКЕК, 16 июн — Sputnik. Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) тууралуу мыйзам долбоору парламенттин күн тартибинен алынды. 

Үйдүн ачкычын кармап турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызматтык үйдү алуу сунушуна анда жашаган депутаттар кандай добуш беришти
Эске сала кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечиси Кожобек Рыспаев бүгүн, 16-июнь күнүн күн тартибине киргизип коюну өтүнүп, ал суранычы колдоо тапкан эле. Аталган мыйзам долбоору кайра эле Рыспаевдин демилгеси менен күн тартибинен алынды. 

Демилгечилердин бири Искендер Матраимовдун айтымында, мыйзам 1990-жылы кабыл алынган. Андан бери көп нерселер өзгөрүп, мыйзамда боштуктар жаралган. 

"Өлкө ичиндеги ЖМКга ээлик кылган чет элдик жарандын үлүшү 20 пайыздан ашпашы керек", — деди Матраимов. 

Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстандагы ЖМКларга бир гана кыргыз жарандары, мамлекеттик органдар, саясий партиялар ээлик кыла алышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0