Лицензиядан ажыраган Кенжеев: мени менен эч кимдин иши болгон жок

© AFP / MENAHEM KAHANAКүрөш боюнча спортчу Жанарбек Кенжеев. Архив
Күрөш боюнча спортчу Жанарбек Кенжеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Май айында күрөш боюнча бирикменин чечими менен күрөштүн грек-рим түрү боюнча балбаны Жанарбек Кенжеев олимпиадалык лицензиясынан ажырап калган.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Күрөш федерациясы Рио-де-Жанейрого болгон жолдомону сактап кала алышкан жок. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине күрөш боюнча спортчу Жанарбек Кенжеев билдирди. 

Май айында күрөш боюнча бирикменин чечими менен күрөштүн грек-рим түрү боюнча балбаны Жанарбек Кенжеев олимпиадалык лицензиясынан ажырап калган. Допинг-тесттин жыйынтыгы спортчунун организминде мельдоний бар экенин көрсөткөн. 

"Менин канымдан мельдоний табышты. Анын курамы нормага ылайыктуу болгонуна карабастан лицензиямды алып коюшту. Биздикилер болсо лицензияны сактап калууга эч кандай аракет жасашкан жок. Мен абдан даярданган элем, буга чейин дагы Кыргызстандын желегин желбиретип келгем. Мындай мүчүлүштүк федерация менен мамлекеттик агенттиктин чабал аракетине байланыштуу болду. Мисалы, Россияда көйгөйлөрдү чечүү үчүн спорт органдары сотко чейин кайрылып, аракеттерди көрүшөт", — деп билдирди Кенжеев. 

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Арсен Эралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аманкулов: балбан Эралиев допинг менен кармалды, бирок лицензиясы алынбайт
Спортчу жакынкы аралыкта маалымат жыйын өткөрүп, спорт чиновниктери эмне себептен жардам бербегенин айтып, президентке кайрыларын кошумчалады. 

Буга чейин Улуттук олимпиадалык комитеттин мурдагы башкы катчысы Канат Аманкулов Жанарбек Кенжеевдин канындагы мельдонийдин курамы нормалдуу болгонун билдирген. Бирок допинг-тест мельдонийди Астанада өткөн турнир учурунда аныктаганынан улам лицензия алынганын айтып, сотко кайрылуудан майнап чыкпай турганын билдирген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0