Бекешов: мечит алдындагы тилемчи балдарды көзөмөлгө алуу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Дастан Бекешев. Архив
Депутат Дастан Бекешев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат өлкө ичиндеги социалдык маселелер биринчи кезекте чечилиши керек деген пикирин айтты.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Парламентте эл өкүлү Дастан Бекешов мечиттердин алдындагы тилемчи балдарды ким көзөмөлдөй турганына кызыкты.

Депутат балким ал балдарга жардам керектир деген ойдо. 

"Эч кимге сыр эмес, мечиттердин алдындагы тилемчи балдар көбөйүп кетти. Баарыбыз мусулманбыз. Колдон келишинче акча берип коебуз. Бирок аларды көзөмөлдөгөндөр барбы?" — деп суроо салды эл өкүлү. 

Бекешов өлкө боюнча социалдык маселелер биринчи кезекте чечилиши керектигин айтып, тилемчи балдарды көзөмөлгө алуу керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0