Фермерлер үчүн жети пайыздык насыя: ооз толо май чайнайбызбы же…

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖазгы талаа иштери. Архив
Жазгы талаа иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда фермерлерге жеңилдик менен берилчү насыянын үстөк пайызын кыскартуу сунушталууда. Sputnik Кыргызстан редакциясы айыл чарбаны колдоо мүмкүнчүлүктөрүнүн күңгөй-тескейине баам салып көрдү.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik, Бакыт Толканов. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов фермерлерге төмөнкү пайыз менен насыя берилгидей кылып "КРде айыл чарбаны өнүктүрүү жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. 

Долбоордун демилгечиси айыл чарба тармагы жеңилдетилген насыя муктаж экенин белгилейт. 2011-жылдан бери насыя 7 жана 9 үстөк пайыз менен берилип келсе, 2013-жылдан тарта эл аны 10 пайыз менен алып жатат. Бирок өкмөт чегерип жаткан каражат жетишсиз болгондуктан, фермер-дыйкандар насыяны коммерциялык банктардан 25-30 пайыз менен алууга аргасыз.

"Калктын басымдуу бөлүгү айыл жеринде жашайт, ал жакта негизги киреше булагы – айыл чарбасы. Ошон үчүн айыл чарба (өсүмдүк, малчылык, канаттуу, балчелек, балык) азыктарын өндүрүүчүлөргө насыя жети пайыздан ашык эмес үстөк пайыз менен берилет деген шартты киргизүү каралат", — деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Райымкулов үстөк пайызды кыскартуудан тышкары, акырындап насыялык портфелди көбөйтүү да пландалып жатканын белгилейт. 

"Бизде насыядан башка дотация жок", — деп баса белгиледи ал.

Бул сунушту ишке ашыруу канчалык мүмкүндүгүн Sputnik Кыргызстан редакциясы аныктап көрдү.

Майрам ордуна айыл чарба иштери

Мыйзам долбоорун жактоочу, ЖКнын депутаты Таабалды Тиллаев өкмөт үстөк пайызды субсидиялап гана бергендиктен, ал үчүн миллиарддаган сомду издөөнүн кереги жок деп эсептейт.

"Үстөк пайыз 17 болсун дейли. Азыр фермер анын 10ун, өкмөт жетисин төлөп жатат. Ошентип азыркы 4-5 миллиард сомдук насыялык портфелдин шартында субсидиянын суммасы 500 миллиондон ашпайт. Дагы кошумча 120 миллион сом керек", — деди парламентарий.

Сварщик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Made in China же кыргыз экономикасы Кытайдын көлөкөсүндө калабы?
Ал эгер насыялык портфель көбөйө турган болсо, мүмкүн андан да көп каражат керек болорун кошумчалады. 

"Фермерлерге колдоо көрсөтүш керек, биз болсо ар кайсы майрамдарга акча бөлүп жатабыз. Экономиканын артыкчылык маанидеги тармактарына кирерине карабастан, айыл чарбасына башка тармактарга, мисалы, энергетикага караганда аз каражат берилип жатат", — деп белгиледи Тиллаев.

Мыйзам жакшы дечи, бирок… капчык эмне дээр экен 

Мурдагы айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев биринчи кезекте каржы жагын белгиледи.

"Бул жакшы ой, бирок каржылык жагы бекем болушу керек, маселе ресурста болот", — дейт ал.

Айдаралиевдин пикиринде, портфелди көбөйтүү маселеси, фермерлердин муктаждыктары жогору экенине карабай, келечекте гана чечилиши мүмкүн. 

"Насыялык портфель жыл санап өсүп келе жатат. 2014-жылы ал 3 миллиард сомго жакын болчу, өткөн жылы болсо 5 миллиардга жетти. Бул суроо-талаптын 7-10 пайыздан ашпаган бөлүгүн гана жабат, бирок жакынкы жылдары каражатты көбөйтүү колдон келбейт деп ойлойм", — деди экс-министр.

Башкысы көлөм эмес, натыйжалуулук

Айдаралиев көпчүлүк фермерлер насыяны түз максатта колдонбогонун эске салды. 

"Аларды жүгүртүү үчүн каражат катары колдонушкан. Ошондой эле малчылыкка акча алган да көп болгон, малды семиртип багып, анан союп салышчу. Ошон үчүн былтыртан бери насыяны колунда жетиштүү малы барларга берип калышты, максаты – асыл тукум мал сатып алып, анын санын көбөйтүү", — деди ал.

Картошка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстан Кыргызстандын картошкасына койгон тыюуну алды
Айдаралиев туура эмес пайдалангандыктан, көпчүлүк насыялар өз натыйжалуулугун көрсөткөн жок деп белгиледи. 

"Өлкөнүн каржылык абалын эске алып, ар бир насыядан алгылыктуу натыйжа болушун күтөбүз. Биринчи кезекте каражаттын өсүшүнө эмес, анын берген пайдасына көңүл буруш керек", — дейт экс-министр.

Ал айыл чарбасында күнөсканалар менен чачыратып сугаруу системаларын куруу сыяктуу башка маанилүү бөлүктөр да бар экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0