ЖКнын 250 миң сомго жасалган сайты: депутаттарды онлайн көрүүгө болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖогорку Кеңештин жаңы сайты
Жогорку Кеңештин жаңы сайты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттин отурумун онлайн көрсөтүү сентябрь айынан тарта жеткиликтүү болот.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин жаңы сайты ишке киргенин парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖогорку Кеңештин официалдуу сайтынын эски дизайны
Страница официального сайта Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин официалдуу сайтынын эски дизайны

Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат kenesh.kg сайтында жеткиликтүү болот. 

"Буга чейинки сайт кеч ачылып колдонуучуларга ыңгайсыздык жаратып келген. Мындан сырткары мыйзам долбоорлорун, сүрөт, видео киргизүү көйгөйлүү эле. Буюрса, жаңы сайтта аталган тоскоолдуктар жокко чыкты", — дейт маалымат кызмат. 

Мындан сырткары, сентябрь айынан тарта отурумдарды сайт аркылуу онлайн көрсөтүү, онлайн радиону ишке киргизүү пландалууда. 

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын март айында ЖКнын сайтын жаңылоо боюнча 300 миң сомго тендер жарыяланып, аны жергиликтүү компания утуп алган. Аталган компания сайтты 250 миң сомго жасады.

Жаңылыктар түрмөгү
0