КМШ Коргоо министрлеринин кызматташуу боюнча бир пикирге келишти

© Sputnik / Табылды КадырбековКМШ мамлекеттеринин желектери. Архив
КМШ мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара бүгүн өтүп, аскер делегацияларынын башчыларынын жыйынтыктоочу документтерге кол коюусу менен аяктады.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы генерал-майор Марат Кенжисариев башында турган аскер делегациясы КМШ коргоо министрлеринин Кеңешинин кезектеги отурумуна катышты. Бул тууралуу Башкы штаб билдирди.

Марат Кенжисариев кенже лейтенант Айдарбек Бузурманбек уулуна кол саатын чечип берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Генерал-майор колундагы саатын кенже лейтенантка чечип берди
Маалыматка ылайык, кеңеш шаарында өттү. Отурумдун жүрүшүндө коргоо мекемелеринин жетекчилери тараптан аскердик кызматташтык концепциясы, аба-космостук коргонуу, 2017-жылга куралдуу күчтөрдүн биргелешкен иш-чаралары, абадан коргонуу бириккен системасын түзүү жана өнүктүрүү боюнча маселелер каралды.

Мындан тышкары, КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин Кеңешинин алдындагы абадан коргонуу маселелери боюнча Координациялоочу комитеттин ишин камсыз кылууга каралган акча каражаттарын пайдалануу боюнча ойлор ортого салынды.

Отурум аскер делегацияларынын башчыларынын жыйынтыктоочу документтерге кол коюусу менен аяктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0