Базар-Коргондо жаштар кыз ала качуу менен адам сатууну талкуулап жатат

© AFP / SEBASTIAN CASTAÑEDAЖенщина с завязанными руками. Архивное фото
Женщина с завязанными руками. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Форум жаштардын маданий жана укуктук жактан билимин арттырып, кызматташуу үчүн өз ара байланыштарын түзүп берүүгө багытталган.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Базар-Коргон районунда өлкө аймагынан келген мамлекеттик кызматтарда, жарандык уюмдарда иштеген 120га чукул жаштар коомдогу терс көрүнүш катары каралып келе жаткан кыз ала качуудан тарта коомдун бир топ көйгөйлөрүн талкуулап жатышат. 

Иш-чара жергиликтүү жаштардын маданий жана укуктук жактан билимин арттырып, ал эми чогулгандар арасында өз ара кызматташуу үчүн байланыштарды түзүп берүүгө багытталган. 

Жалал-Абаддагы бул форумда адам сатуу, кыз ала качуу, жаштар саясатын жакшыртуу сыяктуу актуалдуу темалар талкууланууда. Жаштар кол өнөрчүлөрдүн эмгектери менен таанышып, иш-чара атайын резолюция кабыл алуу менен аяктайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0