Хореограф Максат Сыдыков: чет жердеги карьерамды таштаганда көбү жемеледи

© Фото / Gert WeigeltБелгилүү бийчи, хореограф Максат Сыдыков. Архив
Белгилүү бийчи, хореограф Максат Сыдыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Максат Сыдыков — белгилүү бийчи, хореограф. Ал эл аралык конкурстардын лауреаты, Англиядагы балет академиясынын бүтүрүүчүсү. Журналист Гүлдана Талантбековага театр, анын келечеги жана эмне себептен чет жерден Кыргызстанга кайтып келгени жөнүндө айтып берди.

Максат мырза менен алгач опера жана балет театрынын ичинен маектешели дегенбиз. Бирок сырттагы жанга жагымдуу аба-ырайы парк аралап эки саат бою жылуу маек курганга шарт түзүп берди. Ал дайыма жылмайып, жашоого позитивдүү көз караш менен караганы адамды өзүнө тартып турат экен.

— Максат мырза учурдагы театрдын абалы жана ага болгон биздин мамилебизден мурун, өзүңүз тууралуу сүйлөшөлү. Деги эле балет дүйнөсү сизди кантип арбап алды?

— Мен чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам белгилүү КР Эл артисти Кубанычбек Сыдыков. Биз кичинекей кезде атам жумушка өзү менен кошо ала келчү. Мен театрдын пол жуугучунан баштап, жетекчисине чейин таанычумун, алар дагы мени жакшы билишчү. Ал кездеги балеттердин бирин да калтырбай көрүп, балеттин өнүккөн дооруна күбө болдум. Башкача айтканда, театр экинчи үйүм десем жаңылышпайм. Балетке болгон сүйүүм мына ушинтип жаралды. 

© Фото / Gert WeigeltБийчи, хореограф Максат Сыдыков: театр экинчи үйүм десем жаңылышпайм
Хореограф и балерон Максат Сыдыков  - Sputnik Кыргызстан
Бийчи, хореограф Максат Сыдыков: театр экинчи үйүм десем жаңылышпайм

— Англиядагы айтылуу Балет академиясында окуп, чоң театрларда иштеп ийгиликтерди багындырдыңыз. Кантип?

Балет жана сүйүү. Бүбүсара Бейшеналиеванын белгисиз сүрөттөрү
— Башында жөнөкөй эле мектепте окучумун, кийинчерээк апам балет мектебине алып барган. Он беш жашка толгондо Лондондогу Балет академиясына тапшырып, аны үч жылда окуп бүттүм. Англиядагы English National Ballet, Токиодогу New National Ballet, Германиядагы Ballett am Rhein, Франциядагы Ballet du Capitole, Mainz ballet ж.б театрларда иштеп, мыкты чеберлер Жири Килиан, Ханс Ван Манен, Нилс Кристи, Сол Леон, Паул Лайтфут, Мауро Бигонзетти, Стижн Келис, Жохан Ингер, Матс Эк, Регина ван Беркель, Мартин Шлапфер менен иштештим.

— Сизге жакканы кайсыл театр болду?

— Германиянын театрынан өзүмө биздин өлкөгө керектүү бай тажрыйба топтодум десем жаңылышпайм. Биздин жетекчибиз Мартин Шлепфер кинемотографиядагы Оскарга тете сыйлыктын ээси эле. Анын группасында ар кайсы өлкөдөн келген бийчилердин катарында мен дагы эмгектендим. Анын группасында эң жаш артист болчумун. Мартиндин балет группасын Германияда бир нече жолу мыкты деп аташып, өзү да мыкты жетекчи аталган. Мартин бизге жетекчи катары да, хореограф катары да көп нерсе үйрөттү. Болгону 17 жашыңда ушундай залкар, өз ишин мыкты билген инсан менен иштешүү мен үчүн жашоонун буюрган бактысы болду. Андан кийин Франциянын театрына бардым. 

— Эмне себептен Германиядагы театрдан кетип калдыңыз? Ал жакта бардык шарттар каралган, анан дагы күчтүү командадан кетүү оңой эместир?

— Негизи Германияда жүрүп көп өлкөнү кыдырып иштедим. Францияга келүүмдүн жалгыз себеби — бул бир жерде токтоп калбай, тажрыйба топтоп, түрдүү адамдар менен иштешип, байланышты чыңдоо болду. Анын үстүндү Франциянын абасы, тамактары, чыга калсаң мелмилдеп турган көлү өзгөчө жакты. Кыскасы, ал жакта жашаган көбүрөөк өзүмө жакын сезилди. Германиядан дароо эле Францияга келип жашаганда кыргыздын жашоосун элестеттим, алар салыштырмалуу бизге окшош келишет.

— Сиздин Кыргызстанга келгениңизге жарым жылдын жүзү болуптур. Досторуңуз айткандай эмнеге чет жердеги жыргал жашоого ыктаган жоксуз?

Мариинск театрынын артисти Эрнест Латыпов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мариинск театрынын бийчиси Латыпов: балет эркектин иши эмес деп ким айтты?
— Атам бизди биринчи кезекте мекенди сүйүүгө үйрөткөн. Ал дайыма "сырттан окуп, билим ал, тажрыйба топто. Башкалар театрды кантип жасалгалашат, балетти кантип коюшат, болушунча керектүү тажрыйбанын баарын сиңирип ал" деп көп айтчу. Мага көп адамдар "карьераңдын туу чокусун багындырып турганда келе бердиң" деп жемелешти. Мен биз азыр жаш адистерге абдан муктажбыз деп ойлойм. Бул жаатта өзүмдү жаш, ошол эле учурда тажрыйбасы мол адис катары эсептейм.

Мен Кыргызстанга келгенде жарым жыл ичинде Pro Art балетти колдоо фондуcун негиздеп, эки долбоорду ишке ашырдым. Бирок артист, режиссер катары өлкөгө жаңыдан гана салым кошуп жатам, алдыда иштей турчу убакыт көп. Жакшы иштердин баары али алдыда.

— Келечектеги кыргыз балети сиздин көз менен кандай болот. Дагы кандай максаттарды ишке ашырсам деп турасыз?

— Биз тарыхыбызды баалаган элбиз. Менин келечектеги эң башкы максатым — Чолпон балетин жаңылап чыгуу. Албетте баштан аяк өзгөрткөнгө болбойт, бирок кээ бир жерлерин карап чыкканга туура келет. Анан костюмдардын дизайнын эски нюанстары менен жаңырткым келет.

— Балетте канча жашка чейин бийлешет? Сиз эми эле бийлегенди токтоттум деп жатасыз…

— Негизи 40-43 жашка чейин бийлешет. Учурда 29 жаштамын. Мен азыр хореограф-режиссер болгондон кийин биротоло жетекчилик жагын аркалайын деп жатам. 

© Фото / Gert WeigeltБийчи, хореограф Максат Сыдыков: менин келечектеги эң башкы максатым — Чолпон балетин жаңылап чыгуу.
Хореограф и балерон Максат Сыдыков  - Sputnik Кыргызстан
Бийчи, хореограф Максат Сыдыков: менин келечектеги эң башкы максатым — Чолпон балетин жаңылап чыгуу.

— Баары келечек жаштардын колунда деп аларга ишеним артышат. Аларга ишеним артаардан мурун биз кантип жардам бере алабыз? 

Германиянын балет бийчилери "Ак куу көлүн" Бишкекте бийлешти
— Азыр бир нерсени жаратуу учуру келди. Мындайда эч кимди мажбурлап үйрөтө албайсың. Жаштарга мүмкүнчүлүктөрдү берүү керек деп ойлойм. Биздин жаштар азыр билим алууга тырышат. Алар болгону моралдык жактан колдоого муктаж. Байкап отурсаң алар мамлекетке, же башкага таянбай өздөрүнө ишенишет. Ошондуктан аларды талпынтып коюу жетиштүү.

Бул жагынан болушунча жаштарды искусствого тарткым келет. Эгерде жаштардын бир канча бөлүгүн маданиятка тарта алсам, анда мен максатыма жетип, бактылуу болгон болом. Анткени билимдүү жана маданиятты сүйгөн адам эч качан кылмышкер же террорист болбойт. Адамдын жан дүйнөсү канчалык бай, өзү билимдүү, маданияттуу болсо аны жаман ойлор менен азгырып сындыруу мүмкүн эмес. 

— Өзүңүздү 15 жылдан кийин кандай элестетесиз?

— Өмүрүм өткөнгө чейин чыгармачылыкта жүрөм. Каалабаган нерсемди жасабайм. Менин берилгеним, каалоом бул — чыгармачылык. Жардам сурагандарга дайыма колум ачык, искусствого кызыккандарга колдон келишинче бекер жардамдашканды жактырам.

Жаңылыктар түрмөгү
0