"Зеленстрой" шаардагы өсүмдүктөрдү сугарууну улантууда

© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек"Зеленстрой" шаардагы өсүмдүктөрдү сугарууну улантууда
Зеленстрой шаардагы өсүмдүктөрдү сугарууну улантууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы мэрия Аламүдүн суу чарбасы менен жай мезгилинде секундасына 4,5 миң литр суу алып туруу боюнча келишим түзгөн.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. "Зеленстрой" ишканасы шаардагы өсүмдүктөрдү, дарактарды сугаруу иштерин улантууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдирди. 

Бул жылы мэрия Аламүдүн суу чарбасы менен жай убагында секундасына 4,5 миң литр суу алып туруу боюнча келишим түзгөн. Ага ылайык, муниципалдык ишкананын кызматкерлери шаардагы өсүмдүктөрдү арык, унаа аркылуу, айрым учурда кол менен сугарууда. 

"15-июнга караган түнү Пушкин, Фрунзе, Токомбаев, Жибек Жолу, Ахунбаев, Малдыбаев көчөлөрүндөгү майсаңдар, өсүмдүктөр сугарылды. Учурда Чолпон-Ата, Байтик Баатыр, көчөлөрү, Чүй проспектиси, Аламүдүн-1 кичи районундагы өсүмдүктөр арык аркылуу сугарылып жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Мындан сырткары, "Ата-Түрк" эс алуу паркында дагы сугаруу иштери жүрүүдө. Жалпысынан алты унаа иштеп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0