ИИМдин жаңы башчысы: кошумча аэродрому болгудай мен учкуч эмесмин

© Фото / пресс-служба МВД КРИчки иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архив
Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым ЖМКлар мурдагы ички иштер министринин Болгарияда бизнеси бар экенин жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Жаңы дайындалган ички иштер министри Кашкар Жунушалиев анын чет жакта бизнеси жок экенин маалымат жыйында билдирди.

Буга чейин айрым ЖМКлар мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаевдин Болгарияда бизнеси бар экенин жазып чыгышкан.

"Запаска аэродром кармагыдай мен учкуч эмесмин", — деди ал журналисттердин суроосуна жооп берип жатып.

Жунушалиев ошондой эле Турганбаевдин Болгарияда бизнеси бар экен деген маалымат имиш болушу мүмкүндүгүн айтты.

Жаңы жетекчи бул жумушка июнь айынын башында дайындалган. Ал эми ага чейинки министр Турганбаев өз ыктыяры менен кызматынан кеткен.  

Жаңылыктар түрмөгү
0