Өзүн УКМК кызматкеримин деп тааныштырган "адистерге" кылмыш иши козголду

Жазылуу
УКМК күч структураларынын атын жамынган адамдарга катаал жаз колдонуларын кошумчалайт.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өзүн УКМК кызматкерибиз деп жалган тааныштыргандарга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди. 

Маалыматка ылайык, интернеттеги өзүн УКМК кызматкерибиз деп тааныштырган балдардын видеосу текшерүүгө алынып, ал жерде 21, 22 жаштагы эки жигит мас абалында милиция кызматкерлерине УКМКнын атын жамынып, тоскоолдук жаратканы аныкталган. 

"Кармалган жарандарга карата Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду", — деп айтылат маалыматта. 

УКМК күч структураларынын атын жамынган адамдарга катаал жаза колдонуларын кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0