Москвада Кыргызстанда тигилген кийимдер менен азык-түлүктөр сатылчу дүкөн ачылды

© Фото / Азамат АдылгазиевМосквада ачылган дүкөнөгү Кыргызстанда жасалган азык-түлүктөр.
Москвада ачылган дүкөнөгү Кыргызстанда жасалган азык-түлүктөр. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүкөнгө коюлган бал, кургатылган жемиш жана башка товарлар жергиликтүү базар баасынан бир кыйла арзан.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Москва шаарында Кыргызстанда тигилген кийимдер менен азык-түлүктөр сатылчу дүкөн ачылганын жеке ишкер Азамат Адылгазиев билдирди.

© Фото / Азамат АдылгазиевМосква шаарында Кыргызстанда тигилген кийимдер менен азык-түлүктөр сатылчу дүкөн ачылганын жеке ишкер Азамат Адылгазиев билдирди
Москва шаарында Кыргызстанда тигилген кийимдер менен азык-түлүктөр сатылчу дүкөн ачылганын жеке ишкер Азамат Адылгазиев билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Москва шаарында Кыргызстанда тигилген кийимдер менен азык-түлүктөр сатылчу дүкөн ачылганын жеке ишкер Азамат Адылгазиев билдирди
© Фото / Азамат АдылгазиевАл ушундай ыкма менен аз да болсо Кыргызстандын продукциясын бул жакта жайылтууну эп көрүшкөн.
Ал ушундай ыкма менен аз да болсо Кыргызстандын продукциясын бул жакта жайылтууну эп көрүшкөн. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Ал ушундай ыкма менен аз да болсо Кыргызстандын продукциясын бул жакта жайылтууну эп көрүшкөн.
1/2
Москва шаарында Кыргызстанда тигилген кийимдер менен азык-түлүктөр сатылчу дүкөн ачылганын жеке ишкер Азамат Адылгазиев билдирди
2/2
Ал ушундай ыкма менен аз да болсо Кыргызстандын продукциясын бул жакта жайылтууну эп көрүшкөн.

Анын айтымында, дүкөндүн ачылганына аз гана болсо да туруктуу кардарлар пайда болуп калган.

"Көптөн бери Москва шаарында кыргыздын улуттук кийимдеринин үлгүсүндө үйлөнүү үлпөт көйнөктөрүн тиктирип, аларды сатып келем. Аларды Кыргызстандагы дизайнерлерге тиктирчүбүз.

Чикаго шаарына көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз максымы Чикагодо сатыла баштады
Анан өнөктөштөр менен Кыргызстанда тигилген кийимдер менен азык-түлүктөрдү алып келип саталы деген идея пайда болду. Ошентип Кыргызстандын Москва шаарындагы элчилигинин жанынан чакан дүкөн ачтык", — дейт ал.

Адылгазиев ушундай ыкма менен аз да болсо Кыргызстандын продукциясын бул жакта жайылтууну эп көрүшкөн.

Жаңы ачылган чакан дүкөнгө бал, шире, кыям, кургатылган жемиштер, Кыргызстанда тигилген байпактан баштап көйнөктөргө чейин коюлган. Алар сапаты жагынан эң мыкты жана экологиялык жактан таза. Ошондой эле жакын арада калпак, жоолуктар да коюлат.

"Бизде коюлган баалар башкаларга салыштырмалуу арзан. Мисалы Москва шаарында кичинекей банкадагы бал 700-800 рубль турса, бизде 1,5 килограммдыкты 600 рублга алууга болот. Ошондой эле кургатылган жемиштер дагы салыштырмалуу аябай эле арзан", — деди ал.

Адылгазиев учурда алар жергиликтүү элдин табитин, талабын изилдеп жатышканын, келечекте Кыргызстанда өстүрүлгөн айыл-чарба продукциялары — картошка, сабиз, пияз сыяктуу жашылчалардын алып келүү планда бар экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0