Биометрикалык маалымат базасын бузууга аракет жасагандар Жогорку Кеңеште отурабы?

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалымат чогултуу. Архив
Биометрикалык маалымат чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламенттик шайлоо маалында Тайырбек Сарпашевге 1,5 миллион доллар пара сунушталганын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев 2015-жылкы парламенттик шайлоодо жарандардын биометрикалык маалымат базасын бузууга аракеттер болгондугу тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев
Сарпашев: биометрическая регистрация показала реальную картину миграции - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев

Эске салсак, өткөн аптада маалымат каражаттары Сарпашев парламенттик шайлоо учурунда кайсы бир партия тарабынан Мамлекеттик каттоо кызматына 1,5 миллион доллар пара сунуштады деп айтканын жазып чыккан. 

"Мен Мамлекеттик каттоо кызматына пара сунушталган деп айткан эмесмин. Сөзүмдү бурмалап салышыптыр. Айрым партиялар 1,5 миллион долларга хакерлерди жалдап жатат деген ушак бар деп гана айткам", — деп билдирди Сарпашев.

Бирок ошентсе да системаны бузууга аракеттер болгонун мамкаттоо кызматынын жетекчиси танган жок.

"Системаны бузууга аракеттер болгон. Ошондуктан күчөтүлгөн режимде иштөөгө өткөнбүз", — деп билдирди Сарпашев.

Ал эми мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун пикиринде биометрикалык маалыматтар сакталган базаны бузууга аракет жасаган партиялар шайлоодон өтүп Жогорку Кеңеште отурушат.

"Айрым партиялар эң мыкты программисттерди алып келип ушул системаны бузуп бергиле, 1,5 миллион доллар беребиз деп аракет жасап көрүшкөн. Бирок биздин коргоо система туруштук берип, алар буза албай калган. Ал партиялар бүгүнкү күндө парламентте отурат", — деп билдирди Эржигитов.

Маалымат катчынын айтымында, бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматы билет. Себеби ал мезгилде Каттоо кызматы УКМК менен күн сайын тыгыз байланышта болуп турган.

Чөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишенген кожом сен болсоң… атка минерлер пара менен кармалганда
Эржигитов системаны бузууга аракет жасаган партиялардын максаты бир шайлоочуну 2-3 жолу добуш бердиртип (айлампа), урнага бир нече бюллетень салдырып, шайлоону эски система боюнча өткөргүсү келгенин кошумчалады.

Талаштуу маселе боюнча Sputnik Кыргызстан агенттиги УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулаймановго кайрылганда бул орчундуу маселе экенин айтып, суроолорду расмий кат аркылуу жөнөтүүнү сунуштады (мыйзам боюнча жөнөтүлгөн катка жооптор 14 күндүн ичинде берилет). 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрага орун басары Мирлан Жээнчороев
Депутат Жеенчороев Мирлан Канатбекович - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрага орун басары Мирлан Жээнчороев

Ал эми Жогорку Кеңештин кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрага орун басары Мирлан Жээнчороев биометрикалык маалымат базасына чындап чабуул болгон болсо УКМК текшериши керек экенин билдирди. 

"Кылмыш жаза кодекси боюнча бирөө жарым кылмыш жасоого аракеттенгенин билген адам ал тууралуу күч кызматкерлерине айтууга милдеттүү. Ошондуктан бул боюнча Башкы прокуратура менен УКМК мамкаттоо кызматы чындап эле ушундай маалымат берип жаткан болсо аларды суракка алышы керек", — деп билдирди Жээнчороев.

Ошондой эле депутат Сарпашевдин билдирмесин маалымат каражаттарынан окуй электигин айтып, маселени алгач кандай мааниде айтылганын тактоо керек экенин кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0