Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилери жазаланат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖенщина с блокнотом. Архивнео фото
Женщина с блокнотом. Архивнео фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрликтин алдындагы атайын коллегия аталган жетекчилердин 2015-2016-окуу жылындагы отчетторун угуп, анын жыйынтыгы боюнча акысыз билим берүү жаатында мыйзам бузулганы айтылган.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова менен Ош шаардык берүү башкармалыгынын жетекчиси Куштарбек Кимсанов айыпга жыгылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди. 

Министрликтин алдындагы атайын коллегия аталган жетекчилердин 2015-2016-окуу жылындагы отчетторун угуп, анын жыйынтыгы боюнча акысыз билим берүү жаатында мыйзам бузулганы айтылган. 

"Министрликке Акыйкатчы институту тарабынан Бишкектеги 40 мектепте окуучулардын жана ата-энелердин укугу бузулгандыгы тууралуу каттар көп келген. Анын негизинде текшерүүлөр жүрүп, балдарын окуткусу келген ата-энелерден тестирлөө үчүн акча жыйнап, жыйынтыгында балдарын мектепке кабыл албай же акчасын кайрып бербей койгон учурлар аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, маалыматта мектеп жетекчилери министрдин буйругуна баш ийбей, өзүм билемдик кылганы да жазылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0