Бишкектеги оорулуу дарактар дарыланат

© Sputnik / Табылды КадырбековКургап калган дарактын шагы. Архив
Кургап калган дарактын шагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жышыл бактар борбордун менчиги болуп эсептелет. Мэрия алардын куурап калышына жол бербейт.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Оорулуу дарактар дарылана тургандыгын Бишкек мэри Албек Ибраимов өзүнүн 100 күндүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары боюнча берген маалымат жыйында билдирди. 

Учурда Бишкектеги жашыл өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү зыяндуу ооруларга кабылган. 

"Бир нече жыл мурда дарактар ооруп, аларга дары сатып алынган. Учурда ошол эле диагноз коюлуп жатат. Бирок биз маселени чечебиз", — деп билдирди мэр. 

Борбор башчысы жашыл өсүмдүктөр муниципалитеттин менчиги болгондуктан, алардын куурап калышына жол берилбей турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0