Бишкектин мэри Жогорку Кеңешке депутат болгусу келбейт

© Sputnik / Эмиль СадыровБишкектин мэри Албек Ибраимов. Архив
Бишкектин мэри Албек Ибраимов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын башчысы КСДП тизмесинин 42-сабында турат.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Эгер Жогорку Кеңеш депутатынын мандаты менен мэрлик креслону тандоо керек болсо, Албек Ибраимов экинчисин тандап алат. Бул тууралуу калаа башчысы маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Ибраимов учурда КСДП партиясынан депутат болчулардын тизмесинде 42-орунда турат.

"Эгер менин кезегим келип калса, мэрликти тандап алам", — деди Ибраимов.

Муну менен катар шаардык кеңештин жаңы чакырылышынын депутаттары аны шайлабай койсо, кызматтан кетүүгө даяр экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0