Ибраимов Бишкектеги автотыгын менен күрөшүү жолдорун айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин жолдорундагы тыгым. Архив
Бишкектин жолдорундагы тыгым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын борборун менен чет жагын болгону эки магистраль байланыштырып турат. Алар автоунаанын көптүгүн көтөрө албайт.

БИШКЕК, 10-июн. — Sputnik. Бишкектеги автотыгын кандайча жоюларын шаардын мэри Албек Ибраимов маалымат жыйында айтып берди.

Аны маалыматы боюнча автотыгынга шаар борборуна эки магистралдын гана болушу башкы себеп. Натыйжада борборду жаңы конуштар менен маршруттук таксилер байланыштырып келет.

"Түндүктөн түштүккө, батыштан чыгышка карай созулган катарлаш магистралдар курулат", — деди мэр.

Анын айтымында, бул жолдордогу унааларды азайтып, коомдук унаа жаңы конуштарга чейин жүрүп калат. Мындан тышкары, учурда шаардык паркты жаңы унаалар менен толуктоо иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0