Кыргызстанда нейрохирургиялык борбор курулат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүНейрохирургия бөлүмү. Архив
Нейрохирургия бөлүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Долбоорду ишке ашыруу аркылуу тийиштүү инфраструктура түзүлүп, техникалык каражаттар алынат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу жана жабдуу" долбоору боюнча Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш 2016-жылдын 2-июнунда кабыл алган.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Хуан Хе интернешнл кытай инвестициялык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлиги оорукана куруу үчүн инвесторлорду тартууда
Ратификацияланган макулдашуунун негизги максаты дарылоо-диагностикалык жабдыктары бар заманбап комплекс менен жабдылган нейрохирургиялык борборду куруу болуп саналат. Борбордо нейрохирургиялык багыттагы ооруларга жогорку адистештирилген чукул жардамдар берилип, устат адистер даярдалат.

Бул долбоорду ишке ашыруу аркылуу тийиштүү инфраструктура түзүлүп, техникалык каражаттар алынат, андан тышкары, сапаттуу жана коркунучсуз нейрохирургиялык кызматтарды көрсөтүүгө, калк өлүмүн азайтууга багытталган заманбап медициналык техникага, ошондой эле адистештирилген диагностикалык жана дарылоо кызматтарына муктаждык жоюлат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0