Кыргызстандык абитуриенттердин чет жактан бекер билим алуусуна жол ачылды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЖОЖ бүтүрүүчүсү. Архив
ЖОЖ бүтүрүүчүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экзаменди ийгиликтүү тапшырган студенттердин Сыктывкар, Самара, Санкт-Петербург, Тюмень мамлекеттик университеттеринде окууга мүмкүнчүлүгү бар.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстандык студенттер үчүн Россиянын бир катар аймактарында бекер билим алуусуна мүмкүнчүлүк бар экенин "Демилге кей джи" фондунун жетекчиси Бактыгүл Усманова билдирди.

Анын айтымында, былтыр аталган фонддун көмөгү менен 40тан ашык студент Россиянын жогорку окуу жайларына бюджетке тапшырышкан. Усманова мындай мүмкүнчүлүк мектепте жакшы окуган, бирок жогорку окуу жайга тапшырууга каражаты жетпегендерге жакшы мүмкүнчүлүк экенин айтат.

Жалпы республикалык тестти кантип тапшырып, окууга кантип өтүүгө болот?
Фонддун жетекчиси студенттерди тандоо ачык-айкын өтөрүн баса белгилеп, учурда студенттерди каттоо жүрүп жатканын жана экзамендер июндун аягында болорун кошумчалады.

Экзаменди ийгиликтүү тапшырган студенттердин Сыктывкар, Самара, Санкт-Петербург, Тюмень мамлекеттик университеттеринде окууга мүмкүнчүлүгү бар. Ошондой эле быйылтан тарта Чехиядагы Карлов университетине да тапшыра алышарын Усманова билдирди. Студенттер бакалавр жана магистратурадан окуй алышат.

Усманова кыргызстандык студенттер кийин пайдасы көп тие турган жана өлкөдө тартыш болгон адистиктер — логопед, психология, лингвистика, туризм менеджменти сыяктуу кесипти тандоону студенттерге сунуштайт.

Россиялык ЖОЖго кантип өтүү керек экенин Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0