Кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн "Бирдиктүү терезелер" көбөйтүлүүдө

© Фото / пресс-служба ГНС КРОктябрь району боюнча башкармалыгындагы "Бирдиктүү терезегелер"
Октябрь району боюнча башкармалыгындагы Бирдиктүү терезегелер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын тейлөө борборлору дагы 9 ири базарда жана соода борборлорунда иштеп жатат.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарындагы Октябрь району боюнча башкармалыгындагы "Бирдиктүү терезеге" эл аралык талаптарга ылайык келтирилип, салык төлөөчүлөргө жана калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн кошумча дагы 10 терезе ачылды. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Андан сырткары, салык төлөөчүлөрдү тейлөө боюнча жаңы тейлөө борбор "Аю гранд Комфортто" да иштей баштады. Соода комплексиндеги тейлөө борбору бир гана соода үйүндө иштеген ишкерлерди эмес, ага жанаша турган райондорду да тейлейт.

Калькулятор жана монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы жоюлду
"Бирдиктүү терезенин" жана тейлөө борборунун кызматкерлери көрсөтүүчү кызматтардын ичине — отчётторду, эсептерди, декларацияларды кабыл алуу, ишкерлерди каттоо, патенттерди, ар кандай маалым каттарды, анын ичинде маалыматтарды берүү кирет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын тейлөө борборлору дагы 9 ири базарда жана соода борборлорунда иштеп жатат. Бул салык төлөөчүлөр үчүн салык органдарына барбастан, турган жеринде салыктык кызматтарды алууга ыңгайлуу шарт түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0