Кыргызстандыктар президентке сот иши боюнча көп кайрылышат

Жазылуу
Мамлекет башчынын аппаратына 2800 кайрылуу түшкөн. Анын үчтөн бири сот жана укук коргоо органдарынын иши тууралуу.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Жарандардын басымдуу бөлүгү президентке сот жана күч түзүмдөрүнүн иши боюнча кайрылышканы өлкө башчынын сайтында маалымдалды.

Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажого айбат кылгандар. "Айыпка илинип кала жаздаган" кыргыз президенттери
Биринчи кварталда 2800дөн ашык кайрылуу келип түшкөн. Сот жана укук коргоо органдарынын иши боюнча 684 (32,6 пайыз) кат келген. Турак-жай куруу үчүн жер үлүшүн сураган 265 (12,6 пайыз) кайрылуу болгон.

Андан сырткары, кыргызстандыктар социалдык кызматтардын иши, айлык акы, саламаттык сактоо жана билим берүү, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктар тууралуу кайрылышкан.

Эң көп Бишкек шаарынын тургундары арыз жазышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0