Бишкекте жаш илимпоздор чогулат

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук илимдер академиясы. Архив
Улуттук илимдер академиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл аралык илимий-практикалык конференция физико-техникалык, математикалык жана тоо-геологиялык илимдер боюнча өтүп, секцияларда талкуулар жүрөт.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Жаш илимпоздор союзу "Илимдин бүгүнкү күндөгү актуалдуу проблемалары-2016" аталыштагы Эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрөт. Бул тууралуу илимдер академиясынан билдиришти.

Конференцияда физико-техникалык, математикалык жана тоо-геологиялык илимдер, химия-технологиялык, медико-биологиялык жана айыл-чарбачылык илимдер, ошондой эле коомдук илимдер боюнча секцияларда талкуулар жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0