Кочкордогу оорукананын мурдагы жетекчисине кылмыш иши козголду

Жазылуу
Текшере келгенде комиссиянын алты мүчөсүнүн бири актыны жазууда ал жерде болбогондугу жана ага кол койбогондугу аныкталган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Нарын облусунун Кочкор райондук прокуратурасы аталган райондун аймактык ооруканасынын мурдагы директоруна жана жеке ишкананын жетекчисине акча маселесине карата кылмыш ишин козгоду. Бул туурасында Башкы көзөмөл органынын маалымат кызматынан кабарлашты.

"2014-жылы Кочкор районунун аймактык ооруканасын оңдоп-түзөө боюнча жалпы суммасы беш миң сомго тендер жарыяланган. Анын жыйынтыгында 4 миллион 839 миң 176 сомдон аз суммага иш жасап беребиз деген компания жеңген. Бирок жыйынтыгында аталган оорукана директору комиссия мүчөлөрү менен биргеликте жогоруда жазылган суммага иш бүткөрүлдү деген акт түзгөн", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Бирок текшере келгенде комиссиянын алты мүчөсүнүн бири актыны жазууда ал жерге болбогондугу жана ага кол койбогондугу аныкталган. Мындан сырткары 466 миң 162 сомдук иштер аткарылбагандыгы чыгып калган. 

"Мындан улам мамлекетке жогорку суммадагы каражаттык зыян келтирилген", — деп билдирди маалымат кызматы.

Учурда Кылмыш кодексинин 304-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 315-беренесинин (кызматта туруп документти атайылап жасоо) жана 166-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон. 

Көзөмөл органынан тергөө иши жүрүп жаткандыгын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0