Үркүнгө арналган эстеликке мэрия менен Маданият министрлиги сынак жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековТүштүк дарбаза сейил багы. Архив
Түштүк дарбаза сейил багы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эстелик Бишкек шаарынын Түштүк дарбаза аймагындагы паркка коюлат.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Бишкек мэриясы КР Маданият министрлиги менен "Гүлбак — 1916" паркына коюла турчу эстеликке конкурс жарыялаганын шаардык муниципалитет билдирди.

Жер алдындагы өтмөк. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Тазалык" жер алдындагы өтмөктөрдү иретке келтирип жатат
Эстелик 1916-жылдагы трагедиялуу окуяларга байланыштуу болушу керектигин калаа башчысы Албек Ибраимов аталган аймакка барганда билдирди. 1916-жылдагы окуяларга арналган гүлбактын айланасы былтыр тосулуп, жашылдандырылган. Ал жакта эстелик коюла турчу жерге 1994-жылы таш орнотулган.

Мэриянын билдиришинче 2008-2009-жылдары Нариман Түлеев мэр болуп турганда парк боло турчу жер тилкеси ишкерлерге 49 жылга ижарага берилген. 1916-жылдагы каргашалуу окуянын курмандыктары үчүн эстелик коюу үчүн жер шаардын башка тарабынан берилген.

Бирок президенттин 1916-жылдагы окуялардын 100 жылдыгы жөнүндөгү буйругу чыккандан кийин, эстелик коюу үчүн буга чейин берилген жерди сактоо чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0