Шыкмаматов: милдеттүү камсыздандыруудан акча алыш үчүн 12 саат тынбай жаан төгүш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов. Архив
ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү мыйзам долбоордо жазылган шарттар менен табият кырсыгынан жабыркаган карапайым калкка эч качан акча төлөнбөй турганын белгиледи.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзам долбоору жеке компаниялардын кызыкчылыгын колдойт. Бул тууралуу депутат Алмамбет Шыкмаматов парламенттин отурумунда билдирди. 

Анын айтымында, мыйзамда жазылган талаптар боюнча жеке компаниялар табият кырсыгынан жабыркагандарга эч качан акча төлөп бербейт. 

"Мыйзам боюнча 12 саат тынбай жаан жааса, 6 баллдык жер титиресе, селдин теңинен көбү таш болсо, шамалдын ылдамдыгы секундасына 25 метрге жетсе гана акча төлөнөт. Бул талаптар боюнча табият кырсыгынан жабыркаган карапайым калкка жеке компаниялар эч качан акча төлөп бербейт. 12 саат жаан жаасын деген реалдуу эмес", — деди Шыкмаматов. 

Ал кесиптештерин мыйзам долбоорун жакшылап окуп чыгууга чакырды. 

Ал эми депутат Акылбек Жапаров карапайым калк селдин курамында канча таш бар экенин кантип далилдерине кызыгып, мыйзам чийки деген пикирин билдирди.

Учурда талкуу уланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0