Чек арадагы "Ак-Жол" пунктун модернизациялоо боюнча план иштеп чыгуу тапшырылды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пункту. Архив
Ак-Жол көзөмөл өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар өткөрүү пункту замандын талабына ылайык тез арада оңдоп-түзөлүшү керектигин баса белгилешти.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы Марат Иманкулов өкмөткө чек арадагы "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пунктун модернизациялоо боюнча башкы планды иштеп чыгып, аны каржылоо булагын табууну тапшырды. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы билдирди.

Кыргызстандын чек арачы-кинологдору үчүн окутуу курсу - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын чек арачылары Казакстандан окуп келишти
Белгилей кетсек, транспорт боюнча комитеттин депутаттары 7-июнда Аламүдүн районундагы Ленин айылындагы "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пунктунун абалы менен жеринде таанышуу үчүн тийиштүү орган жетекчилеринин катышуусунда көчмө жыйынга чогулган.

Марат Аманкулов көзөмөл-өткөрүү жайы менен автоунаа токтогон жайдын ортосунун узактыгы бир чакырымга жетерине жарандар арызданып жатканын баса белгиледи.

Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү коопсуздукту, автотыгынды жана тартипти сактоо үчүн көзөмөл өткөрүү пункту менен автоунаалар токтогон жайдын ортосу атайылап ушундай жасалганын билдирди.

Депутаттар өткөрүү пункту замандын талабына ылайык тез арада оңдоп-түзөлүшү керектигин баса белгилешти.

Жаңылыктар түрмөгү
0