Орозо күнү эң узак болгон өлкөлөрдөгү кыргыздар кантип жатат

© REUTERS / Adnan AbidiОрозо айында ифтарга даярдануу. Архив
Орозо айында ифтарга даярдануу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда орозо кармоо убактысы 17 саат 40 мүнөттү түзөт. Ал эми географиялык абалынан улам быйыл 20 саат же андан да көп убакыт орозо кармаган мамлекеттер да бар.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. 6-июндун таңында мусулмандар ооз бекитип, орозо кармашты. Алардын ичинде Кыргызстандын мусулмандары да бар. Быйылкы орозо жыл ичиндеги эң узун күн саналган 22-июнга да туш келүүдө. Андыктан быйыл Кыргызстанда орозо кармагандар таң заардан күн батканга чейин дээрлик 17 саат 40 мүнөттөй оозуна наар албай жүрүшөт.

Facebook социалдык тармагынан башкы бети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Facebook, Instagram үчүн орозо кармагандар
Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнөнүн чар тарабында эң узун орозо кармаган аймактарды тизмектеп көрүүгө аракет кылып, ал жакта жашаган мекендештердин пикирин билүүгө ашыкты.

Учурда Россиянын Белгород облусуна караштуу Старый Оскол шаарында иштеп жаткан Улан Азимов дээрлик 20 сааттай Орозо кармап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Бизде аба ырайы өтө ысык болбогондуктан азырынча суусап, кыйналуу дегенди биле элекпиз. Түнкү саат 01:50гө чейин ооз бекилип, кечинде саат 21:05тен кийин ооз ачып жатабыз", — дейт Азимов.

Ал эми АКШнын Чикаго шаарында иштеп жүргөн Жакшылык Муратов 17 саатка чейин орозо кармап жатканын билдирди. Орозо жаңы гана башталгандыктан азырынча кыйынчылык деле болбогонун айтат.

"Биз таңкы саат 3.29га чейин ооз бекитип, кечинде саат 8.24төн кийин ооз ачып жатабыз. Күн деле ысык, бирок кыйналган деле жокпуз. Мен 10 жылдан бери орозо кармап келем", — деди ал.

Австралиянын Мельбурн шаарында иштеп жаткан Алтынбек Усенов учурда аларда кыш, күн суук экенин айтып, андыктан 12 сааттан ашыгыраак орозо кармап жатышканын билдирди.

"Бизде кыш болгондуктан орозо кармагандар кыйналган жок", — деди Усенов.

Белгилей кетсек, дүйнө жүзүндөгү айрым мамлекеттердеги мусулмандар жашаган өлкөсүнүн географиялык абалына байланыштуу 18 сааттан 21 саатка чейин орозо кармашууда. Мисалы, Англияда орозо кармоо 18 сааттан ашса, Канадада 19 саатка чейин кармалууда. Ал эми Швеция, Норвегия, Германия жана Россиядагылар 20 сааттан ашык орозо кармашат. Орозо күнү эң эле көп Исландияда катталган, андагы мусулмандар 21 саат бою орозо кармашат.

Орозонун башталышы менен ооз бекитип, орозо кармоого уруксат бербеген же анын айрым амалдарын аткарууга жолтоо болгон мамлекеттер дагы жок эмес.

Aljezeera агенттигинин маалыматына таянсак, Кытайдын Синьцзян Уйгур автономиялуу облусунда жергиликтүү элдин орозо кармашына тоскоолдуктар жасалууда. 

"Кытай бийлиги уйгурлар көп жашаган Синьцзян Уйгур автономиялуу облусундагы мамлекеттик жетекчилердин, окуучулардын орозо кармоосуна тыюу салганын жергиликтүү ЖМКлар билдирди. 10 миллиондон ашык уйгурлар жашаган аймактарда күндүз айрым тамактануучу жайлардын иштөөсү милдеттендирилди", — деп жазат Aljezeera басылмасы.

Ал эми коңшу Өзбекстан орозо айында эл чогултуп ооз ачууга тыюу салганын өлкөнүн айрым жалпыга маалымдоо каражаттары билдирди. Тыюу салуу аракеттери былтыр да киргизилген. Анда мындай аракеттер элди экстремисттик агымдарга берилип кетүүсүнүн алдын алуу катары түшүндүрүлгөн.

6-июнда башталган Орозо 5-июлда аяктайт (Айдын жаңырышына карата бир күн айырмаланышы мүмкүн).

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысын 2016-жылдын Орозо календарынан караңыздар >>

Жаңылыктар түрмөгү
0