Баткендеги аскер кыз-келиндер Бишкекте өтүүчү конкурска даярданууда

Жазылуу
Аскердик кызматта жүргөн кыз-келиндер көл өнөрчүлүк, тамак-аш жасоо чеберчилигин, аскердик даярдыгын жана башка катылып жаткан таланттарын көрсөтүштү.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Баткенде күч структурасында иштеген айымдар арасында өткөн сулуулук сынагында аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын кызматкери Айсалкын Эргешбай кызы баш байгеге татып, Бишкекте өтүүчү "Погончон айым-2016" конкурсуна жолдомо алды. Бул туурасында уюштуруучулардын бири Нуржан Ганиева кабарлады.

"1-вице мисс" Чек ара кызматынын №20220 аскер бөлүгүнүн радио байланышчысы, кенже сержант Наргиза Шаменова жана "2-вице мисс" Куралдуу күчтөрдүн Башкы Штабынын № 30630 аскердик бөлүгүнүн кызматкери, ефрейтор Жазгүл Талантбек кызы болду", — деп билдирди Ганиева. 

Кыргызстандын кыз-келиндери эмне жөнүндө сүйлөшөт: бийлик, сулуулук жана үй оокат
Конкурстун жүрүшүндө аскердик кызматта жүргөн кыз-келиндер көл өнөрчүлүк, тамак-аш даярдоо, аскердик даярдыгын жана башка катылып жаткан таланттарын көрсөтүштү. 

Маалыматта бул иш-чара күч түзүмдөрүндө иштеген айымдардын жумушка болгон кызыгуусун арттыруу жана иш жөндөмдүүлүгүн даңазалоо, баалоо жана ишке дем берүү максатын көздөй турганы айтылат.

Уюштуруучулардын өкүлү Ганиева "Погончон айым-2016" республикалык конкурсу Бишкек шаарында күз айларында өтөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0