WhatsApp: каракулжалыктар 20 күндөн бери сууну арыктан жана дарыядан ташып ичүүдө

© Фото / Марал РажаповаАрыктан суу ташып келаткан айылдык балдар
Арыктан суу ташып келаткан айылдык балдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда район аймагында күн 30 градуска чейин ысып жатат.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында 20 күндөн бери таза суу жок, айылдыктар сууну арыктан жана дарыядан ичип жатканын Марал Ражапова Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

© Фото / Марал РажаповаКара-Кулжа айылында 20 күндөн бери таза суу жок, айылдыктар сууну арыктан жана дарыядан ичип жатканын Марал Ражапова Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди
Кара-Кулжа айылында 20 күндөн бери таза суу жок, айылдыктар сууну арыктан жана дарыядан ичип жатканын Марал Ражапова Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/3
Кара-Кулжа айылында 20 күндөн бери таза суу жок, айылдыктар сууну арыктан жана дарыядан ичип жатканын Марал Ражапова Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди
© Фото / Марал РажаповаАнын айтымында, азыркы тапта аймакта күн 30 градуска чейин ысып жатат
Анын айтымында, азыркы тапта аймакта күн 30 градуска чейин ысып жатат - Sputnik Кыргызстан
2/3
Анын айтымында, азыркы тапта аймакта күн 30 градуска чейин ысып жатат
© Фото / Марал РажаповаАл ошондой эле жогору жакта жайгашкан Биринчи Май сыяктуу айылдарда суу 24 саат бою чыгып, жерден 2-3 метрге чейин атырылып чыгып жатканын маалымдады.
Ал ошондой эле жогору жакта жайгашкан Биринчи Май сыяктуу айылдарда суу 24 саат бою чыгып, жерден 2-3 метрге чейин атырылып чыгып жатканын маалымдады. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал ошондой эле жогору жакта жайгашкан Биринчи Май сыяктуу айылдарда суу 24 саат бою чыгып, жерден 2-3 метрге чейин атырылып чыгып жатканын маалымдады.
1/3
Кара-Кулжа айылында 20 күндөн бери таза суу жок, айылдыктар сууну арыктан жана дарыядан ичип жатканын Марал Ражапова Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди
2/3
Анын айтымында, азыркы тапта аймакта күн 30 градуска чейин ысып жатат
3/3
Ал ошондой эле жогору жакта жайгашкан Биринчи Май сыяктуу айылдарда суу 24 саат бою чыгып, жерден 2-3 метрге чейин атырылып чыгып жатканын маалымдады.

Анын айтымында, азыркы тапта аймакта күн 30 градуска чейин ысып жатат.

"Район башчысы, айыл өкмөт жана тийиштүү кызматтар сууну чыгарууга ниети жок. Айылга суу келчү каналды сел бир ай мурун алып кетиптир. Аны тез арада оңдоп, элди таза суу менен камсыз кылууга аракеттерди көрбөй жатышат", — деди Ражапова.

Ал ошондой эле жогору жакта жайгашкан Биринчи Май сыяктуу айылдарда суу 24 саат бою чыгып, жерден 2-3 метрге чейин атырылып чыгып жатканын маалымдады.

"Айрым айыл тургундары өз чөнтөгүнөн эң аз дегенде 500 сомдон чогултуп Биринчи Май, Сары-Булак жана Ылай-Талаа айылдарынан суу ташып ичип жатышат", — деди жергиликтүү тургун. Ражапова ысыктын күнү ташып келген суусу ашып кетсе 2 күнгө жетерин белгиледи. 

Эгер сиз кайсы бир окуяга күбө болуп, сүрөткө же видеого тартып алган болсоңуз, маалыматты биздин +996 706 566 544 WhatsApp номерибизге жөнөтсөңүз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0