Ажылык сапарга Ош облусунан 1300гө жакын жаран жолдомо алды

© flickr.com / Al Jazeera EnglishЗыяратчылар. Архив
Зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажылык сапарга каттоо тартиби онлайн режиминде жүргүзүлдү.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Быйыл Ош облусу боюнча ажылык сапарга 1255 жаран жолдомо алды. Бул тууралуу Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди. 

Быйылкы жылы ажылык сапарга каттоо тартиби онлайн режиминде жүргүзүлдү. 

"Ош облусуна бөлүнгөн квота ар бир райондун калкынын санына жараша коэффициент менен бөлүнүп берилди", — деп маалыматта белгиленет.

Учурда ажылык зыяратка жолдомо алган жарандардан 2 миң 600 доллардан чогултуу жана виза алууга тиешелүү документтерди толуктоо иштери жүргүзүлүп жатат. 

Белгилей кетсек, быйылкы жылы ажылык сапарга зыяратчыларды жөнөтүү август айынан башталат.

Жаңылыктар түрмөгү
0