Бишкектеги балдар ооруканасын кеңейтүүгө 30 млн. доллар насыя берилет

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКапельница. Архив
Капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келишимге ылайык, насыя 25 жылдык мөөнөт жана бир пайыздык үстөк менен алынууда.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Сауд Өнүктүрүү фонду Бишкектеги медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү үчүн 30 миллион доллар насыя берет. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди. 

Атамбаев ракка кабылган балдарга белек берип, алар менен сүрөткө түштү - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев ракка кабылган балдарга белек берип, алар менен сүрөткө түштү
Тиешелүү долбоор Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитети тарабынан жактырылды.

Каржылоо "Бишкек шаарынын медициналык тез жардам мамлекеттик балдар ооруканасын реконструкциялоо жана кеңейтүү" долбоорунун алкагында берилет. 

Келишимге ылайык, насыя 25 жылга бир пайыздык үстөк менен берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0