Ырчы Анна Седокова кийген кыргызстандык дизайнердин көйнөгү көпчүлүктү суктандырды

© Sputnik / Екатерина Чеснокова / Медиабанкка өтүүУкраиналык ырчы Анна Седокова. Архив
Украиналык ырчы Анна Седокова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көйнөктүн сүрөтү социалдык тармактарга чыккандан кийин ырчынын күйөрмандары ага жакшы каалоо-тилектерин айтып, кече көйнөгү жөнүндө суроолорду жаадырышты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Украиналык ырчы Анна Седокова кыргызстандык дизайнер Наил Байкүчүков тиккен көйнөктү кийип келип, Муз ТВ телеканаланын программасында көпчүлүктүн көңүлүн бурду.

Мисс Кыргызстан — 2015 Таттыбүбү Самидин кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын сулуусу-2015: футбол ойночумун, Ош базарынан деле кийим сатып алам!
Көйнөктүн сүрөтү социалдык тармактарга чыккандан кийин ырчынын күйөрмандары ага жакшы каалоо-тилектерин айтып, кече көйнөгү жөнүндө суроолорду жаадырышты.

Дизайнер Наил Байкүчүков юбка 80 миң сом турарын өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Жакында эле Анна Седокова Бишкектеги түнкү клубдардын биринде жеке концертин берген. Былтыр Жаңы жылдык кечелерде дагы ырчы кыргызстандык дизайнер Байкүчүков тиккен кийимдерди кийип чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0