Кыргызстандын чек арачылары Казакстандан окуп келишти

© Фото / пресс-служба ГПС КРКыргызстандын чек арачы-кинологдору үчүн окутуу курсу
Кыргызстандын чек арачы-кинологдору үчүн окутуу курсу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кинологдор негизги үч багытта билимин жогорулатты. Окуу курсу бүткөндөн кийин аларга сертификаттар берилди.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандын чек ара кызматынын кинология боюнча адистери Казакстандагы Кинологиялык академиясынан билим алып кайтышты. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди. 

Кыргызстандын чек арачы-кинологдору үчүн окутуу курсу казак кесиптештер тарабынан биринчи жолу уюштурулду. 

"Окуу мөөнөтү төрт айга созулуп 10 кызматкер билимин жогорулаткан", — деп айтылат маалыматта. 

Кинологдор негизги үч багытта билим алышкан. Алар издөө кызматы, баңги заттарын табуу жана жардыруучу жабдыктарды ыкчам аныктоонун теориялык жана практикалык негиздерин үйрөнүшкөн. 

Окуу курсу бүткөндөн кийин чек ара кызматкерлери сертификаттарга ээ болушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0