Раппопорт аллеясындагы бактар кыйылып жатат

© Фото / Александр ФедоровРаппопорта аллеясы. Архив
Раппопорта аллеясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бардыгы болуп кооптуу абалда делген 704 бактын кыйылышы каралган.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Раппопорт аллеясында төрт күндөн бери бактарды кыюу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Дамир Иманалиев билдирди.

Февраль айында Тамчы айылынан Корумдуга чейинки жолдун оңдолушуна байланыштуу бактардын кыйыла турганы айтылган. Мында автожолдун кыйла кеңейиши каралууда. Бирок акыркы чечим кабыл алына элек болчу.

Иманалиев Гана атындагы институттун адистеринин корутундусу келгенин, анда кооптуу абалда тургандыктан 704 бакты кыюу сунушталган.

"Жолдун жээгинде негизинен теректер өсөт. Көбүнчөсү 57 жылдын 80 жылга чейинки дарактар. Ал эми теректин бул түрлөрү 50 жылдан ашпайт", — деди Иманалиев.

Раппопорт аллеясынын архивдик жана азыркы сүрөттөрү
Акимдин орун басары жол оңдолгондон кийин анын жээгин бойлой жаңы көчөттөр отургузуларын белгиледи. Ушу тапта 100 дарак кыйылган.

Иманалиев кыйылган теректер отунга кетерин, ал негизинен жакыр жашаган жергиликтүү тургундарга таратыларын кошумчалады.

Аллеянын узундугу беш чакырымды түзөт. Жолду бойлото терек жана кара жыгач бактар 1934-жылы жергиликтүү жылкы заводунун алгачкы директору Леонид Раппопорттун демилгеси менен тигилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0