Атамбаев элди жаман ойдон алыс болуп, колунда жокторго каралашууга чакырды

Жазылуу
Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды ар дайым илгери үмүт жана асыл тилек менен күткөн Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

"Бул айда ар бир мусулман баласы денесин гана эмес, жан-дүйнөсүн тазалап, жакшылыктарга ниет кылат. Жаман ой, жаман сөздөн алыс болууга, колунда жокторго каралашып, садага берүүгө, жакындары менен мамилени дагы бекемдөөгө умтулушат", — деп айтылат куттуктоодо.

Атамбаев бардык жарандардын, мамлекеттин мындан ары да ынтымакта, эркиндикте жана бакубатчылыкта өмүр сүрүшүн Жараткандан тилей турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, 6-июндан тарта Орозо башталып, 5-июлга чейин созулат.

Ыйык Рамазан айында ооз бекитүү (имсак) жана ооз ачуу (ифтар) убактысы кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0