Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күнгө газ өчүрүлөт

Жазылуу
Көгүлтүр от газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө эки күнгө газ өчүрүлө тургандыгы тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 7-9-июнь күндөрү Бишкектин Москва, Ибраимов, Сүйүнбаев, Абдумомунов көчөлөрү жана Жибек Жолу проспектиси боюнча көгүлтүр от берилбейт. 

Түзүлгөн ыңгайсыздык газ куурларындагы оңдоо иштерине байланыштуу экени белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0