Кувейттиктер шумкарларды көбөйтүүгө жардам беришет

Жазылуу
Кыргызстанда Кувейттин маданият күндөрү өткөрүлдү. Анын алкагында делегация Ысык-Көлгө чейин барып, Көчмөндөр оюндары өтө турган "Кырчын" жайлоосун көрдү.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Аскат Акибаев Кувейттен келген делегацияны II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чакырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Жаа атуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюну: ролик үчүн 600 миң сом сарпталган эмес
Өткөн жумада Кыргызстанда Кувейттин маданият күндөрү өткөрүлгөн. 

Акибаев делегация жетекчиси жана Кувейттин маданият министри Али Хусейн Аль-Юхага кыргыздын чапаны менен калпагын кийгизди. 

Ал эми Хусейн Аль-Юха Акибаевге арабча "доу" деп аталган сувенир катары кеменин макетин белекке берди. 

Эки тараптуу жолугушуунун алкагында Ысык-Көл облусунун аймагында шумкарларды коргоо, көбөйтүү жана аларды дарылоо боюнча маселе талкууланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0