Бишкекте жарылган граната боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
ИИМ мыйзамсыз сакталган же таап алган курал-жарак, ок-дарыны ыктыярдуу түрдө тапшыруу керектигин байма-бай эскертип келет.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Аламүдүн районунун Пригородное айылында жарылган граната боюнча кылмыш иши козголгонун ИИМ билдирди.

Граната. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин жанында жарылган граната боюнча соттук-баллистикалык экспертиза дайындалды
Эскерте кетсек, кечээ, 4-июнда Бишкектин жанында граната жарылып, беш киши жабыркаган. Алдын ала маалыматтар боюнча жабырлануучулардын бири 32 жаштагы Сузак районун тургуну таап алган граната менен ойноп жатып, ал кокусунана жарылып кеткен. 

Кырсыктан беш киши оор жаракат алган. Алардын арасында эки төрт жашар жана алты жашар бир бала бар. 

"Учурда Чүй ОИИБ кызматкерлери ал жарылгыч заттын түрүн жана кайдан келгенин аныктап жатышат. Соттук-баллистикалык жана техникалык экспертизалар дайындалган. Текшерүүнүн натыйжасында Кылмыш жаза кодексинин 241-беренесинин (Курал-жарак жана жардыруучу түзүлүштөрдү ташуу, сатуу, сактоо) негизинде кылмыш иши козголду", деп айтылат билдирүүдө. 

ИИМ мыйзамсыз сакталган же таап алган курал-жарак, ок-дарыны ыктыярдуу түрдө тапшыруу керектигин байма-бай эскертип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0