Үч манасчы үч бөлмөлүү батир менен сыйланды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүАчкыч. Архив
Ачкыч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батирлер "Саякбай манасчы" коомдук фонду тарабынан берилди.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. "Саякбай манасчы" коомдук фонду манасчылар Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков жана Улан Исмаиловго үч бөлмөлүү бирден батир тапшырды. Мындан сырткары манасчыларга автоунаанын ачкычы берилди.

Бишкектеги Манас айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Стамбул шаарына "Манастын" эстелигин коюу үчүн жер бөлүндү
Фонд тарабынан уюштурулган "Улуулукка урмат" аттуу иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп, ага кыргыз эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиев, казак элинен чыккан жалгыз манасчы Баянгали Алимжанов, эл өкүлү Садык Шер-Нияз, экс-депутат Карганбек Самаков жана башкалар катышты.

Аземдин жүрүшүндө манасчылардан тышкары 20 жылдан бери "Манасты" өнүктүрүүдө эмгек кылган адамдар да сыйланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0