ЕАЭБ өлкөлөрүндө электрондук кол тамга тааныла баштайт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭлектрондук кол койуу. Архив
Электрондук кол койуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электрондук кол тамга өлкөлөр арасындагы укуктук актылар менен иштөөдө колдонулат.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдө электрондук кол тамга тааныла баштайт. Бул тууралуу ЕАЭБдин маалымат кызыматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, кечээ, бейшемби күнү Евразиялык экономикалык комиссиянын жыйыны өтүп, орчундуу маселелер талкууланган.

"Өлкөлөр арасында электрондук кол тамганы таануу боюнча чечим кабыл алынды. Мындан сырткары, интеграцияланган маалыматтык системаны коргоо чарасы колго алынды", — деп айтылат маалыматта. 

Бул маселени ишке ашыруу үчүн аталган комиссиянын информатизациялоо, маалыматтык-коммуникация технологиясы жана маалыматты коргоо комитети милдеттендирилди. Аталган комитетти Карина Минасян жетектейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0