Сел алып кеткен баланы куткаруучулар жерди казып издеп жатышат

© Фото / пресс-служба МЧС КРӨКМ кызматкерлери Кадамжайда. Архив
ӨКМ кызматкерлери Кадамжайда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы учурда куткаруучулар 2 метрге чейин жерди казып издөө иштерин жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кадамжайда сел алып кеткен үч жаштагы баланы издөө иштерине атайын техника, ит жана куткаруучулар тартылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Белгилей кетсек, 27-майда саат 15:45 чамасында Ош — Айдаркен жолунда Opel Frontera үлгүсүндөгү автоунааны нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен пайда болгон сел суулары агызып, машина сел өтүүчү сайга кулап түшкөн. Унаанын ичинде 6 адам болгон, алардын ичинен 5 киши каза болуп (2 эркек, 3 аял), бир жаш бала куткарылган. 

Кадамжайда сел алып кеткен 3 жаштагы бала изделүүдө - Sputnik Кыргызстан
Селге агып кеткен баланы табуу үчүн куткаруучулар ар бир метр жерди казып издешти
28-май күнү 2013-жылы туулган Элдар Жороев да ошол автоунаанын ичинде болуп, ал дайынсыз жоголгон деген маалымат тастыкталдыктан кийин, Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен издөө иштерине 83 куткаруучу тартылып күчөтүлгөн тартипте иштер жүрө баштаган. Ага Өзбекстандын күч түзүмдөрү да тартылган.

Сайдын узундугу 150 метр, туурасы 200 метрге чейин жетет. Азыркы учурда куткаруучулар эки метрге чейин казып баланы издеп жатышат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0